Садыр Жапаров иш сапары менен Москва шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россиянын Москва шаарына келди.

 

Мамлекет башчынын борту «Внуково-2» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

 

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.