Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара жана Мамлекеттик бажы кызматтарынын жетекчилерин алмаштырды.
Өлкө башчынын жарлыгы менен Чек ара кызматын жетектеп келген Абдикарим Алимбаевди иштен алынып, ордуна орун басары Данияр Сатимов дайындалды.
Дагы бир жарлык менен Бажы кызматынын башчысы Алмаз Салиев жумушунан бошотулуп, эми аталган ведомствону төраганын орун басары болуп келген Улан Кимсанов жетектемей болду.



