Садыр Жапаров Москвада иш сапары менен жүрөт

Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен кетти. Президенттин администрациясынан маалым болгондой, өлкө башчы Москвада Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.

 

Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да өтөт.

 

Эске салсак, Садыр Жапаровдун Москва сапарына байланыштуу Бишкекте Жеңиш күнүнө карата аскердик парад быйыл кечээ, 8-майда өттү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.