Президенттик шайлоо маалында мамлекет башчы Садыр Жапаров кызматта туруп талапкер катары ат салышуусуна мыйзам жол берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты менен президент саясий өнөктүк учурунда кызматын тапшырууга милдеттүү эмес.
Боршайком төрагасы шайлоо ачык атаандаштыкта өтө турганын, административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын жана БШКга бийлик тараптан эч кандай басым жок экенин айтты.



