Кыргызстанда хантавирустун жайылуу коркунучу өтө төмөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирип, калкка жана туристтерге эч кандай коркунуч жок экенин белгиледи.
Маалыматта айтылгандай, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок жана көпчүлүк адамдар үчүн инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу аз.
Ошону менен катар Саламаттык сактоо министрлиги жаратылышка чыккан учурда, кемирүүчүлөр бар жерге барганда этият болууну сунуштайт.
Мекеме сапар учурунда бара турган өлкөнүн эпидемиологиялык абалын алдын ала тактап алууга жана алгачкы коргонуу каражаттары менен камсыз болууга чакырды.



