Саламаттыкты сактоо министрлиги негизги ооруканаларды Кара-Жыгач конушу тарапка чыгаруу ниетинде. Ведомство жетекчиси Эркин Чечейбаев долбоордун эскизин тартуулады.
Анын айтымында, медициналык шаарчаны 106 гектар жерге куруу пландалууда. Ошондо Улуттук госпиталь, Республикалык инфекциялык оорукана, төрөт үйлөрү, Психиатрия жана наркология борбору жана башка мекемелер бир жерде жайгашат. Ал эми бошогон жерлерге парктарды, мектептерди же бала бакчаларды куруу пландалууда, — деди министр.



