Салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ведомство маалыматына ылайык, 1-сентябрга чейин турак үйлөргө, батирлерге жана үйдүн жанындагы бак-чарба жер участокторуна салыктарды төлөө керек.
Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып каралган.



