Санарип министрлиги интернеттин үзгүлтүккө учурашы тууралуу маалымат берди

Кыргызстанда 25-cентябрда түштөн кийин интернет түйүнү үзгүлтүккө учурады. Мындай көйгөй мобилдик операторлордо жана интернет провайдерлерде болгон.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы жогорку магистралдык каналда техникалык мүчүлүштүк кеткенин «Азаттыкка» билдирди:

 

“Учурда кошумча канал туташтырылды, байланышты толук калыбына келтирүү иши жүрүүдө”, — деген маалымат берди мекеменин басма сөз кызматы.

Айрым интернет операторлору да үзгүлтүк болгонун ырастап, муну жогорку магистралдык каналдагы мүчүлүштүккө байланыштырган.