Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгынын курамына кирди

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгынын курамына кирди. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

 

Жарлыкка ылайык, министрликтин бардык функциялары, штаттык саны, ресурстары жана ведомстволук түзүмдөрү иш башкармалыкка өттү. Жарлык санариптик трансформацияны тездетүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана өлкөнүн IT-инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.