Сары-Жаз дарыясында эки жаңы көпүрө ноябрда пайдаланууга берилет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясында эки жаңы көпүрө ноябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Мындан тышкары, аталган дарыянын кооптуулук жараткан үч тилкесинде жээк бекемдөө жумушу жүрүүдө. Дарыянын бекемделип жаткан нугунун жалпы узундугу 930 метрди түзөт.