Меккеге бараткан автобуста кырсыктагандар арасында кыргызстандыктар жок

Меккеге бараткан автобуста кырсыктагандар арасында кыргызстандыктар жок.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жагдай мекеменин көзөмөлүндө.

Бүгүн Сауд Аравияда зыяратчылар жол кырсыгына кабылган.

Тактап айтканда, Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен.

Кырсыктын кесепетинен ондогон адам каза болуп, дагы ошончосу жаракат алганы кабарланууда.