Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 14 билим берүү объектисин курат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин маалыматына ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун экинчи этабында 7 жаңы мектеп жана мектептерге 7 кошумча окуу корпусу курулат. Долбоорду 2026-жылы баштап 2029-жылы аяктоо пландалууда. Тиешелүү насыялык келишимге кол коюлду.



