Сентябрь айы үчүн 46 миңден ашык бюджеттик кызматкер биринчи жогорулатылган айлыгын алат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин өкүлү Нурадил Карыпбаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 41 пайызга чейин, муниципалдык кызматкерлердики 47 пайызга чейин өсөт. Ал эми бюджеттик мекемелердин башка кызматкерлеринин маянасы 45 пайызга жогорулайт. Учурда айлыктарды эсептөө иштери жүрүп жатат. Көбөйтүлгөн маяналар октябрдын башынан тартып төлөнөт.



