Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрында башталат

Кыргызстанда президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт. Агитациянын жол-жобосун Novosti.kgге БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев айтып берди.

 

“Жарандар, юридикалык жактар, жардамдашам деген адамдардын баары – блогерлер, көп катталуучусу бар интернет колдонуучулар, массалык маалымат каражаттары шайлоо фонду аркылуу келишимдин негизинде иш жүргүзүшү керек. Үгүт иштерин бузгандарга жоопкерчилик бар”.

 

Учурда  президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жараяны жүрүүдө. Арыздарды кабыл алуу 13-ноябрда аяктайт. Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот.