Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында 330 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ремонт иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жалпы 36 млн 900 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.
Натыйжада имарат толугу менен жаңыланып, заманбап талаптарга ылайык бардык керектүү шарттар түзүлдү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



