Шанхайда жасалма интеллектке негизделген акылдуу такта тааныштырылды. Акылдуу такта мугалимдин сөзүн угуп, тактадагы жазууларды реалдуу убакытта талдайт.
Ошондой эле кол менен жазылган тексттерди таанып, сүрөттөрдү 3D моделге айландырып, кошумча окуу материалдарын көрсөтө алат. Андан тышкары, система сабакка даярданууга жардам берип, сабактын жыйынтыгын автоматтык түрдө чыгарат жана окуу процессин талдап берет.



