Швецияда таштанды ыргытканда жооп кайтарган өзгөчө урналар пайда болду. Алар адамга ыраазычылык билдирип, жакшы күн каалап, айрым учурда тамак жегендей үн да чыгарат.
Эксперимент 2017-жылы адамдарды таштандыны көчөгө ыргытпай, урнага салууга тамаша аркылуу үндөө максатында башталган. Идея популярдуу болуп, бүгүнкү күндө мындай урналарды Стокгольм, Мальмё жана Хельсингборг сыяктуу шаарлардан кездештирүүгө болот.



