Сиднейден Лондонго 22 саат тынбай учкан дүйнөдөгү эң узун аба каттамы ачылат. Аралыгы 16 миң чакырымдан ашкан бул рекорддук сапарды австралиялык авиакомпания тейлейт.
Азыркы тапта дүйнөдөгү эң узак түз каттам — Сингапур — Нью-Йорк. Эки шаардын ортосундагы 15 миң 349 чакырымды учак 19 саатка жетпеген убакытта учуп өтөт.



