Синоптиктер июнь айындагы аба-ырайы тууралуу маалымат беришти

Синоптиктер июнь айындагы аба ырайы тууралуу маалымат беришти.

Жайдын биринчи айынын болжолун Кыргызгидрометтен билдиришти.

Алсак, өлкөнүн түндүгүндө күндүз термометрлер +36, түнкүсүн +8 градуска чейин ысыйт.

Түштүктө абанын температурасы күндүз +27ден +37ге чейин, түнкүсүн +11ден +15ке чейин өзгөрөт.

Июнь айында жаан-чачындын орточо көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.