Бишкектеги Өскөн-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу уланууда.
Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, иштердин 70 пайызы аяктады. Мектепти ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.



