Словакияда келгин куштар дрондун жардамы менен куткарылып жатат

Словакияда келгин куштар дрондун жардамы менен куткарылып жатат. Орнитологдор атайын шаймандардын жардамы менен өрдөк-каздарды электр өткөрүү линияларынан качырууда.

 

Кыштаган жеринен кайтып жаткан канаттуулар зымдарга илинип жабыркап жатат. Мындай учурларды алдын алуу үчүн линияларга дрондордун жардамы менен атайын маркерлер орнотулууда, алар чымчыктарга түнкүсүн дагы жакшы көрүнүп турат.