“Социалдык келишимдин” суммасы 150 миң сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министри Равшанбек Сабиров билдирди. Ал эске салгандай программа аз камсыз үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Жарандар бул акчага чакан ишкерлик баштап, жакырчылыктан чыгуу аракетин көрөт. 3 жыл ичинде 35 миң үй-бүлө менен келишим түзүлгөн. Алар айыл чарба, соода, тигүү жана тейлөө тармактарында ишкерлик жүргүзүүдө.



