Сокулук районунун Күн-Туу айылында жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды

Сокулук районунун Күн-Туу айылында жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Эки кабаттуу имарат 140 балага ылайыкталган. Анда балдардын ар тараптуу өнүгүүсү жана санитардык нормалардын сакталышы үчүн бардык шарттар каралган. Объекттин тендердик баасы 54 млн сомду түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.