Солярка 130-140 сомго, бензин 110-120 сомго чейин жогорулашы мүмкүн

Кыргызстанга ташылып келген солярка өз баасы менен сатылса 130-140 сомго, бензин 110-120 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

 

Өкмөт башчы ошол эле учурда Кыргызстанда дизел, газ, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана авиакеросин тартыш болбой турганын, АИ-95 жана АИ-100 үлгүсүндөгү бензин боюнча маселе жаралышы мүмкүн экенин айтты.

 

Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 30-сентябрга чейин уланат.