«Сосновка» жана «Арал» өткөрмө бекеттери дагы эле жабык

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» жана «Арал» өткөрмө бекеттери дагы эле жабык.

 

Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 15-октябрда кечки саат 8-9дарда Төө-Ашууда башталган тыгынды жоюу иштери уланууда. Соңку маалыматка ылайык, жеринде 1000ге жакын унаа бар.

 

Министрлик «Сосновка» жана «Арал» постторунда жылынуу пункттарын уюштурду. Мындан тышкары, жарандарга ысык тамак берилүүдө. Маалыматка караганда, жол тыгындын пайда болуусуна оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөгү жайкы жана чынжырчалары жок болгондугу себеп болгон.

 

Белгиленгендей, трасса жакынкы эки сааттын ичинде ачылат.

 

Эске салсак, Кыргызстанда 17-октябрга чейин аба ырайы кескин начарлашы кабарланган. Бишкек-Ош унаа жолунда кар жааган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.