Суу ресурстары кызматы “Суунун бирдиктүү маалыматтык системасы” автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Система ирригациялык объектилерди жана суу пайдалануучуларды бирдиктүү санариптик базага бириктирет. Бул сугат суусун берүүнү пландаштырууга, керектөөнү эсепке алууга жана суунун сапатына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.



