Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолун реконструкциялоо уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда трассанын IV фазасын реконструкциялоо иштери башталып, аткаруучу компания тарабынан жол курууга керектүү техникалар камсыздалды.
Иштердин алкагында жол жээгин тегиздөө, кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Жеринде 80ден ашык атайын техника жана 65 жумушчу иш алып барууда.
Жалпысынан реконструкция боло турган жолдун узундугу — 93 чакырымды түзөт.



