Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Бүгүн мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу үйлүү болгондорго ачкычтарды президент Садыр Жапаров тапшырды.
Тогуз кабаттуу турак жай комплекси 12 блоктон туруп, жалпысынан 945 батирди камтыйт. Өлкө башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө аймагында мамлекеттик ипотека аркылуу 13 миңден ашык үй-бүлө турак жайлуу болуп, дагы 69 миңден ашык киши кезекте турат.



