Сузакта 750 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу уланууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу комплекси төрт блоктон турат. Долбоор боюнча лабораториялар, компьютердик класс, азык-түлүк сактоочу жайы бар ашкана, актовый зал, психологдун жана дарыгердин кабинеттери каралган.
Белгиленгендей, мектептин эски имараты 1977-жылы курулган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.


