Сузактын Кара-Чолок айылында заманбап бала бакча ачылды

Сузак районунун Кара-Чолок айылында 50 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды.

 

Райондук администрациядан билдиришкендей, бала бакчанын курулушуна жалпысынан Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан 26 млн сомдон ашык, ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 млн 650 миң сом каражат бөлүнгөн.