Январь-март айларында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 699 млн 700 миң доллар которулду.
Улуттук банктан билдиришкендей, сырттан келип жаткан акча улам көбөйүүдө. Алсак, январь айында сырттагы жарандардан 220 млн 300 миң доллар, февраль айында 224 млн 200 миң доллар, ал эми мартта 255 млн 200 миң доллар которулган.
Каражаттын басымдуусу Россия, андан кийин АКШдан келген. Ошол эле учурда өлкөдөн сыртка январь-март айларынын ичинде 59 млн 600 миң доллар жиберилген.



