Төө-Ашуу, Өтмөк, Долон жана Кубакы ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге жетти.
Учурда жол тейлөө кызматтары жолдорду кардан тазалап, кум-туз аралашмасы себилүүдө. Ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө киргизилген жок. Министрлик айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.



