Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында түндө кар жаады

Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында түндө кар жаады. Учурда Бишкек — Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде муз тоңуп, кыймыл татаалданып жатат.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган багытта сапарга чыга турган айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, ылдамдыкты ашырбай жүрүшү керек.