Нарын облусундагы Түгөл-Сай суу сактагычынын курулушу жыл аягына чейин аяктайт.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, долбоор 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет жана анын наркы 800 миллион сомдон ашат.
Түгөл-Сай суу сактагычынын көлөмү 3,2 миллион куб метрди түзөт. Анын алкагында 3 миң 200 гектар сугат жерди суу менен камсыздоону жакшыртууга, кошумча дагы 1,5 миң гектардан ашык жерди өздөштүрүүгө шарт түзүлөт.
Ошондой эле түшүмдүүлүктү эки эсеге жогорулатуу жана Жумгал районунда айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү көбөйөт деп күтүлүүдө.



