Түндүк айланма жолун курууда жалпысынан 464 объект бузулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын маалыматына ылайык, бузулган жайлардын арасында мыйзамсыз курулгандары аныкталган. Алардын 69у капиталдык курулуш экени такталды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



