“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Шайлоочунун кабинети” санариптик кызматы ишке киргизилди

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Шайлоочунун кабинети” санариптик кызматы ишке киргизилди.

 

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Буга чейин “Шайлоочунун кабинети” өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы “Түндүк” мобилдик тиркемесине көчүрүлдү.