Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде тоо боорунан кулаган таштар тазаланды. Жумуштар аймакты караган №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылды.
Таштар трассанын 289-чакырымында түшкөн. Тазалоо иштерине атайын техника тартылган. Учурда каттам жанданды, жол ачык.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



