Түндүк-түштүк альтернативалык жол 2028-жылы толук кандуу колдонууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Анын айтымында, быйыл жайында трасса убактылуу ачылат. Чиновник белгилегендей, коопсуздук толук кандуу камсыздалганга чейин, кышкысын жол жабык болот. Таш түшүү, сел жүрүү жана башка жаратылыш кырсыктар бар тилкелерде алдын алуу иштерин жүргүзүү керек.



