Түндүк – түштүк альтернативдүү унаа жолунда “Көк-Арт” төлөм алуу пункту ишке кирди

Түндүк – түштүк альтернативдүү унаа жолунда “Көк-Арт” төлөм алуу пункту ишке кирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, пункт жолдун 318-чакырымында жайгашкан.

 

Ал аркылуу өтүүдө төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банк картасы жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат.