Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу бир тараптуу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн таш толук тазаланды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда бир тараптуу каттам бар.

 

Эске салсак, 4-июнда болжол менен саат 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, кыймыл убактылуу токтотулган.