Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун үч тилкесинде заманбап жол тейлөө пункттары курулууда

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун үч тилкесинде заманбап жол тейлөө пункттары курулууда.

 

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда Кызарт белиндеги жол тейлөө пунктунун дубалдары тургузулуп, объект таза суу жана интернет байланышы менен камсыздалды. Ошондой эле Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын жанында дагы бир жол тейлөө базасынын курулушу башталды.

 

Андан тышкары, үчүнчү жол тейлөө базасын жайгаштыруу боюнча да даярдык иштери жүрүүдө. Базаларга жол тейлөө техникалары, жабдуу, май куюучу жай жана башка керектүү ресурстар жайгаштырылары пландалууда. Бул трассаны жыл бою үзгүлтүксүз тейлөөгө жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.