Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу тазаланып, кыймыл калыбына келтирилди.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жеринде атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоо сунушталат.
Эске салсак, нөшөрлүү жаандан улам аталган унаа жолдун 260-274-чакырым аралыгына таш түшүп, каттам убактылуу жабылган.



