Түндүк – Түштүк унаа жолуна түшкөн таш тазаланып, каттам ачылды.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, таш аталган жолдун 243-296-чакырым аралыгына түшкөн.
Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында министрликтин атайын техникалары тартылып, жолдогу таштар тазаланып, каттам ачылды.



