Түп районунун Балбай айылында жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Курулушу өткөн жылы башталган объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Ага жалпысынан 64 млн сом сарпталат.
Долбоор боюнча бала бакча 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу имараттан турат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



