Түп районунун Каркыра айылында жаңы мектептин курулушу уланууда

Түп районунун Каркыра айылында жаңы мектептин курулушу уланууда.  100 орундуу объекттин курулушу 2023-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.

 

Казынадан бул максатта 80 миллион сом бөлүнгөн. Билим берүү имараты окуу класстарынан, өтмөк галереядан жана заманбап спорт залдан турат. Андан тышкары, мектепте лаборатория, компьютер залы жана эмгек кабинеттери каралган.