Түркиянын бардык аэропортторунда коркунуч деңгээли “саргылт” түскө чейин көтөрүлдү

Түркиянын бардык аэропортторунда коркунуч деңгээли “саргылт” түскө чейин көтөрүлдү. Бийлик 23-октябрда Анкара шаарындагы терракттан кийин коопсуздук чараларын күчөттү.

 

Терминалдарда ар бир жүргүнчү кылдаттык менен көзөмөл системасынан өтүп, текшерилүүдө. Сабиха Гёкчен атындагы Стамбул аэропортунун жетекчилиги бардык жүргүнчүлөрдү кошумча текшерүүлөр тууралуу эскертип, аба майданга 3 саат эрте келүүнү сунуштады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.