Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктарга пенсиялык топтомдор төлөнүүдө

Түштүк Кореяда расмий иштеген Кыргызстандын жарандарына пенсиялык топтомдор дайындалып, төлөнүп берилүүдө.

 

Социалдык фонддун маалыматына караганда, акчасын алуу үчүн 151 адам кайрылган. Алардын 126сына төлөмдөр берилди, дагы 25 арыз ээсинин документтери каралууда.

 

Төлөмдүн орточо суммасы ар бирине 3 миң 789 долларды түздү.