Бишкекте кайрадан күн жылыйт

Бишкекте кайрадан күн жылыйт. Синоптиктердин маалыматына караганда, күндүз да, түнкүсүн да абанын температурасы күн сайын акырындап жогорулайт.   Бүгүн шаарда күн бүркөө болуп, аба 12–13 градуска чейин жылыса, эртең күн ачылып, дем алыш күндөрү абанын температурасы плюс 20 градуска чейин жетет. Түнкүсүн 10 градуска жакын… Кененирээк…

Октябрдын башында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын айрым аймактарында 1-октябрдан тартып катуу жаан жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.   Министрлик жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында нөшөрлүү жаан күтүлүүдө. Буга байланыштуу сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Тургундарга сак болуу сунушталат.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөйт

Эртеңден тарта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы 5-8 градуска төмөндөйт.   Синоптиктер өлкөнүн түндүгүндө, чыгышында жана борбордук аймактарында катуу жаан жаай турганын болжолдошууда. Жаан-чачын катуу шамал менен коштолот. Тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.   Туруксуз аба ырайы дем алыш күндөрүнө чейин сакталат.   6-сентябрдан тарта… Кененирээк…

2026-жылдын август айы Бишкекте аба ырайын метеорологиялык байкоо жүргүзүлө баштаган 1896-жылдан берки эң ысык ай болду

2026-жылдын август айы Бишкекте аба ырайын метеорологиялык байкоо жүргүзүлө баштаган 1896-жылдан берки эң ысык ай болду.   “Аба ырайы жана климат” порталынын маалыматына ылайык, өткөн айда шаардагы абанын орточо температурасы +27,2 градус болуп, климаттык нормадан 3 градуска жогору болду. Ошондой эле 15-августта Бишкекте абанын температурасы… Кененирээк…

Кыргызстанда жаанчыл аба ырайы болот

Бул жуманын аягы Кыргызстанда жаанчыл аба ырайы болот.   Синоптиктердин маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өзгөчө Ысык-Көл жана Чүй облустарында жаан катуу жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.   Бүгүн жана эртең борбордук аймактарда күндүн табы 32-34 градуска чейин көтөрүлсө, дем алыш күндөрү абанын температурасы… Кененирээк…

Бишкек менен Чүй облусунда аба ырайы бир аз салкындайт

Жакынкы жети күндө Бишкек жана Чүй облусунда аба ырайы бир аз салкындайт.   Синоптиктердин маалыматына караганда, 17-августтан 23-августка чейин күндүз абанын температурасы +32-33 градус болот. Бейшемби жана жума күндөрү 35 градуска чейин көтөрүлөт. Түнкүсүн 19 градус жылуу болот.   Асман негизинен ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызстанда аномалдуу ысык болот

Кыргызстандын аймагында эртеңден тарта 18-июлга чейин аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.   Синоптиктердин маалыматына караганда, алдыдагы үч күндө абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 38…40°ка чейин, 16-18-июлдарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде 41…43° жогорулашы күтүлөт.   Мындай кургак аба ырайында… Кененирээк…

Алдыңкы эки күндө тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, бүгүн күндүн экинчи жарымында жана 8-июль күнү Кыргызстандын аймагында абанын температурасы жогорулап, нөшөрлүү жаан-чачын болорун эскертти.   Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Кыргызстанда 10-июлга чейин аба ырайы туруксуз болот

Синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү өлкө аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөп, салкын аба ырайы сакталат. Борбордук аймактарда, анын ичинде Чүй облусунда күндүз абанын температурасы +21 градуска чейин төмөндөйт.   Бирок 5-июлдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт.   Кийинки жумада Бишкекте күндүз +35 градустан төмөн болбойт,… Кененирээк…