Кыргызстанда бүгүн түндө менен үч жолу жер титиреди

Кыргызстанда бүгүн түндө менен үч жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, алгачкы силкинүү саат 3:34тө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында катталган.   Жер титирөөнүн очогунда күчү 5,5 баллга жеткен. Бор-Дөбө айылында силкинүү 5 баллга чейин, Сары-Таш жана Талды-Суу айылдарында 4 баллга жакын сезилген.  … Кененирээк…

Бүгүн саат 09:04тө Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн саат 09:04тө Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Жар-Башы айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Ачык-Суу айылынан 28 чакырым түштүк-батышта жана Ош шаарынан 143 чакырым түштүк-батышта жайгашты. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана… Кененирээк…

Бишкекте май алмаштыруучу жайдагы өрт өчүрүлдү

Бишкектеги Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт чыкканы тууралуу кабар 26-сентябрда эртең менен түшүп, аны өчүрүүгө жети бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 09:22де чектөөгө алынып, саат 10:39да толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү

Ысык-Көл облусундагы нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун бир бөлүгүн жууп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жол убактылуу ачылып, унаалар кезеги менен өткөрүлүүдө.   Ошондой эле Тоң районунда селден кийин тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол эки тарапка ачылды.  … Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрдөн улам дарыядагы суу ташып, куткаруучулар 36 адамды эвакуациялады

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрдөн улам дарыядагы суу ташып, куткаруучулар 36 адамды эвакуациялады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой суусуна курулган көпүрөнүн түркүгүн суу алып кетип, жайлоого барчу жол жабылган. Жерине куткаруучулар барып, асма көпүрө аркылуу жалпы 36 адамды… Кененирээк…

Өзгөндө тойдон кийин 40тан ашык адам ууланып, ооруканага кайрылды

Ош облусунун Өзгөн шаарында сүннөт тойдон кийин 40тан ашык адам тамак-ашка ууланып, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Милициянын маалыматына караганда, окуя 28-июнда Өзгөн шаарындагы ресторандардын биринде болгон. Массалык уулануу фактысы укук коргоо органдары тарабынан каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми… Кененирээк…

Кара-Кечедеги селдин кесепеттери жоюлууда

Кара-Кечедеги селдин кесепеттери жоюлууда.   Кара-Кече аймагында жаан-чачын дагы эле токтой элек. Үзгүлтүксүз жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун айрым тилкелери жабыркаган.   Учурда «Кыргызкөмүр» ААК өз күчү жана атайын техникалары менен селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Адистер суунун агымын жөнгө… Кененирээк…

Кочкор районунда сел жүрүп, 20 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга чыгарылды

Кочкор районунда сел жүрүп, 20 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга чыгарылды.   Жергиликтүү бийлик билдиргендей, Сары-Булак айылында сел ички жолдорду жана бир үйдүн короосун каптады.   Ал эми Кара-Суу айылынын Көл-Үкөк жайлоосунда сел малды каптап, көпүрөнү агызып кеткен. Кара-Күңгөй айылында болсо суу ташуу коркунучунан улам 20… Кененирээк…

Григорьев капчыгайында селдин кесепетинен көпүрө талкаланды

Григорьев капчыгайында селдин кесепетинен көпүрө талкаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жол кыймылы толугу менен жабылды.   Нөшөрлөп жааган жаандан кийин Чоң-Ак-Суу дарыясында суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, агым туристтик маршруттагы бешинчи көпүрөнү толугу менен алып кеткен. Жабыркагандар жок. Учурда калыбына келтирүү иштери… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда селден алты адам каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда селден алты адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жаандан кийин Ош — Алай унаа жолунда сел жүрүп, 6 адам менен жеңил унааны агызып кеткен.   Дагы эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Ведомство жарандарды нөшөр учурунда тоолуу жана… Кененирээк…