Бүгүнтөн тарта Ош — Кашгар — Ош аба каттамы кое берилди
Бүгүнтөн тарта Ош — Кашгар — Ош аба каттамы кое берилди. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учактар жумасына бир жолу, шейшемби күндөрү каттайт. Учуу убактысы 40 мүнөттү түзөт. Жаңы аба каттамы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы байланышты бекемдеп, туризм жана соода тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.







